Спорт

Түркиядагы эл аралык мелдеш: Мээрим Жуманазарова жарым финалга өттү

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 68 салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгачкы атаандашы россиялык Татьяна Смоляктын далын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы турнирдин чейрек финалына чыкты.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button