Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык болжол менен саат 9:00 чамасында катталган. Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, көпүрөдөн каршы тилкеге чыгып, Хонда Фит жана Лексус үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн. Жол кырсыгынан 3 жаран жабыркагандыгы айтылууда.
Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.