Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 15:30да Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда катталган. Анда Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктан 35 жаштагы эки аял Ш.Т. жана Б.Г. окуя болгон жерде, айдоочу Кемин райондук ооруканасында каза болгон.

Жол кырсыгынын себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды.