Спорт

Кыргызстандык футболчулар эртең Тажикстандын командасы менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 29-мартта Наманган шаарында Тажикстандын тайпасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Оюн Navruz Cup 2022 эл аралык турниринин алкагында өтөт. Буга чейин 25-мартта кыргызстандыктар Өзбекстандын спортчулары менен ойноп, 1:3 эсеби менен утулуп калышкан. Жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.

Ушул эле күнү Уганда менен Тажикстан курамалары беттешип, оюн 1:1 эсеби менен аяктаган. Буга байланыштуу пенальти уюштурулуп Африка континентинин өлкөсү 5:4 эсебинде жеңүүчү болгон.

29-мартта Уганда Өзбекстан менен беттешмекчи.

Кыргызстандын улуттук курама командасы кечээ Өзбекстандын «Динамо» спорт комплексинде мелдештен кийинки машыгууларды өткөргөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button