Коом

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жаӊы үлгүдөгү атайын формалар берилди

Кыргыз Республикасында ички иштер органдарын реформалоонун алкагында милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жаӊы атайын  формалар менен камсыз боло башташты.  Бул атайын формалар милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (аймактык тескөөчүлөрү), жашы жетелектер менен иштөө инспекторлоруна берилет.

Ар бир жашоочу өз көчөсүнө келген ички иштер органынын кызматкери-тейлеген милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү келгендигин формасынан таанып турушу керек. Бул өз кезегинде милиция үчүн жарандардан убагында  маалымат алууга, ыкчам аракеттенүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагдайлардын бири болот.

Кечээ, Ош шаардык ички иштер башкармалыгында милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жашы жетелектер менен иштөөчү инспекторлор биринчи жолу жаӊы атайын формалары менен сапка тизилишти.  Жаӊы атайын формалардын өзгөчөлүктөрү, сапаты менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов, орун басарлары  милициянын полковниги Бакыт Исраилов,   милициянын полковниги Таалайбек Нурбаев  таанышышты. Өздүк курамдан жаӊы кийимдер боюнча пикирлерин, сунуштарын угушту. Негизинен өздүк курам тарабынан жетекчиликтин дарегине  жаӊы кийимдер үчүн ыраазычылыктар жана   позитивдүү сунуштар айтылды.

Иш-чарада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жаӊы формалар кызматка жаӊыча көз караш менен карап, эл ишенимин актоого кадам болушу керектигин айтты: «Бул жаӊы атайын формалар милицияны реформалоо алкагында аткарылып жаткан баскычтардын бири гана. Мындай формалар жылдын ар сезонуна ылайык берилет. Мындан сырткары жакынкы күндөрү ар бир милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү атайын планшет, тынымсыз кызмат учурунда видеотасмага алып туруучу видеокамералар менен камсыз болосуздар»,-деди шаардык милиция башчысы.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кечээтен баштап жаӊы берилген атайын формада кызмат өтөөгө чыгып кетишти, — деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button