Окуялар
Жалал-Абадда турак үй толугу менен күйүп, 45 жаштагы киши жабыркады
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чарбак айылында турак үй толугу менен күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен 45 жаштагы киши жабыркады.
Маалым болгондой, үйдүн жалпы аянты 154 чарчы метр болгон. Өрттүн кесепетинен жабыркаган Б.Д. «Тез жардам» кызматына өткөрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.