Бишкекте унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамды сүзүп кетти

Бишкекте 16-апрелде саат 20:40тар чамасында Анкара менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде “Инфинити” үлгүсүндөгү унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамды сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, унааны 52 жаштагы А.Р. аттуу жаран айдап бараткан.

Кырсыктан 70 жаштагы аял жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.