Окуялар

Ысык-Атада үйдөн өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Тамдын ичинен эркек кишинин сөөгү табылды

Ысык-Атада үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Бүгүн, 19-апрелге караган түнү саат 03:10 чамасында Ысык-Ата районунун Нооруз дачасында турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 04:40та өчүрүлгөн. Жалпы аянты 52 чарчы метрден турган турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эркек кишинин жансыз денеси табылып, маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Учурда анын аты-жөнү жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button