Спорт

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алды.

Азия чемпионатында буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button