Окуялар

Чүйдө жеңил унаалар сүзүшүп, эки Казак жараны көз жумду

Чүйдө айланма жолдо жеңил унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Казакстандын 2 жараны каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, дагы эки адам жаракат алды.

Маалым болгондой, жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда катталган. Анда Tойота Авенсис жана Субару Аутбэк унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Казакстандын 1953-жылы туулган Д.Л. (эркек) жана 1957-жылы туулган Д.С. (аял) аттуу жарандары каза болгон. Андан тышкары 1964-жылы туулган Д.Ф. жана 1999-жылы туулган Ш.Н. аттуу жарандар жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркагандарды Чүй райондук ооруканасына жеткиришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button