Жалал-Абаддагы жол кырсыкта 3 адам каза болуп, дагы 5 адам жабыркады

Казарман унаа жолундагы жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза тапты. Маалыматты  Жалал-Абад жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 22-апрель күнү саат 10:00 чамасында жолдун 36-чакырымында, тактап айтканда, Сузак районунун Кара-Чолок айылында катталган. Жалал-Абад шаарын көздөй бара жаткан Дэу Матиз унаасы каршы тилкеде келе жаткан ВАЗ 21-07 унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиздин жүргүнчүсү — Сузак районунун Бек-Абад айылынын 1987-жылы туулган тургуну (эркек киши), ВАЗ 21-07 унаасынын жүргүнчүсү — Кара-Март айылынын 1969-жылы туулган тургуну (аял киши) алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми Дэу Матиздин дагы бир жүргүнчүсү — Бек-Абад айылынын 1987-жылы туулган тургуну (эркек киши) Октябрь аймактык ооруканасына жеткирилгенден кийин көз жумган. Ошондой эле 5 киши жаракат алган. Алардын арасында эки унаанын айдоочулары, 3 жүргүнчү бар. Жабыркагандар Октябрь аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.