УКМК: Өзбекстанга контрабандалык жол менен алып бара жаткан товарлар аныкталды

Контрабандага каршы иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы боюнча контрабанданын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлөт.
2022-жылдын 31-мартында Баткен облусунун Лейлек району багытында Өзбекстандын Сох анклавынан айланып өтүүчү унаа жолунда унаалар кармалып, анын жүк бөлүгүнөн «былтыркы жылдагы картошка” деген жазуусу бар каптарга салынган түшүмдүн жалпы салмагы 53657 кг, наркы 1341424 сомду түзгөн контрабандалык товар табылган.
Бул факты боюнча 2022-жылдын 4-апрелинде аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. (Экономикалык контрабанда).
Учурда бул кылмыш иши боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды аныктоо максатында комплекстүү техникалык жана кол жазма экспертизасы дайындалып, аны даярдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына тапшырылды.





