Бишкекте “Самат Садыков” даректүү фильминин бет ачары болуп өттү

Улуттук тарых музейинин кино залында Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы даярдаган, режиссер Алим Токторовдун “Самат Садыков” даректүү фильминин бет ачары болуп өттү.

Бет ачар аземин Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Акжол Бекболотов ачып, фильмдин жаралыш тарыхына токтолду. Бекболотов  алгач фильмдин сценарийи жактырылып, андан кийин кинону тартуу иштери башталганын белгиледи.

Тасма көрүүчүлөргө таруулангандан кийин, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Лейлек коомунун жана туугандарынын атынан Карим Исаев, ошондой эле Алыкул Осмонов үй музейинин жетекчиси Памирбек Казыбаев, кино-режиисер Таалай Шаабото Кулмендиев жана Кыргызфильм киностудиясынын көркөм кеңешинин мүчөсү жазуучу Топчугүл Шайдуллаевалар фильм жана режиссердун эмгеги тууралуу жылуу пикирлерин билдирип, сөз сүйлөштү.

“Фильм  хроникалык-архивдик баалуу маалыматтар аркылуу Баатыр атабыз Самат Садыковдун ченеми чексиз эрдигин чагылдырган  бейнесин толук ачып бергени менен өтө таасир калтырды. Лейлектин кичинекей айылынан (Кара-Сай) согушка аттанып, Ыраакы Чыгышка чейин жетип, ал гана эмес, Берлинди алуудагы “чоң казатка” (согушка) да катышып, жеңиш күнүнө саналуу күндөр калганга чейин согуш талаасында болуп, Жеңишке саналуу күн калганда көкүрөгүнө ок тийип, окко учат. Ушул  кульминациялык сюжетти жүрөк ыйлап отуруп көрдүм, бул албетте, менин жеке таасирленүүм, менимче ар бир көрүүчүгө зор таасир калтырарына ишенем”, – деген эл өкүлү Камила Талиева  тасмага  ак жол тиледи.

Фильмдин сценарийин жазган жана режиссеру Алим Токторов “Бул фильм Улуу Ата мекендик согушта 1945-жылдын 1-майында кан майданда курман болгондон кийин берилген мамлекеттик эң жогорку наам 15 жылдан кийин ата мекенине билинген Самат Садыковдун  100 жылдыгына карата 2020-жылы бүткөрүү пландалып, бирок өлкөбүздө болгон пандемия жана башка себептер менен эми аяктап, сиздерди назарыңыздарга тартууланып олтурат”, – дейт.

Тасмада башкы каарман Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткарып, тасманын хронометражы 50 мүнөттү түзөт.

Эскерте кетсек, 8-май күнү Улуттук тарых музейинде 11.00 жана 15.00 “Самат Садыков” даректүү фильми  көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

7-май Сүлүктү шаары, Маданият сарайы, башталышы: 15:00;

8-май Раззаков шаары, Кинотеатры, башталышы: 11:00;

9-май Баткен шаары, Октябрь Кинотеатры, башталышы: 14:00.