Дүйнө

Түркмөнстанда жайкы каникулда окуучуларга бир нече чектөөлөр киргизилди

Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында жайкы каникулда окуучуларга бир катар чектөөлөр коюлду. Бул тууралуу Turkmen.news басылмасына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жайкы каникул алдында окуучулар менен ата-энелерге түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлүп, бир катар чектөөлөр киргизилгени маалымдалган. Чектөөлөр «президент Сердар Бердымухамедовдун жаш муундун ден соолугуна жана келечегине болгон аталык камкордугу» катары көрсөтүлгөн.

Анда окуучуларга жайкы каникул маалында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

— окуучулар классташтары же башка мектептеги достору менен кафе, бар, ресторандарга барууга;

— унаа башкарууга;

— бош убактысында жана кечкисин эч жумушу жок шаар ичинде сейилдөөгө;

— алкоголдук ичимдиктерди, психотроптук заттарды колдонууга;

— окуучуларга тиешеси жок болгон сайттарга кирүүгө, ылайыксыз сүрөттөрдү жана видеолорду IMO мессенжерлеринде, Instagram, TikTok жана Likee видео сервисинде бөлүшүүгө тыюу салынат.

Балдардын мектепте жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоосу жөнүндө ата-энелерден тил кат алынат. Балдарды керексиз маалыматтардан коргоо максатында уюлдук телефондорду жана планшеттерди туура эмес колдонуусун алдын алуу үчүн көзөмөлдөө талабына өзгөчө көңүл бурулат.

Басылма белгилегендей, Түркмөнстандын мектептериндеги мындай тыюулар формалдуу нерсе эмес, бул ата-энелерди көзөмөлдөө үчүн ыңгайлуу себеп. Улуттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери мектептеги жыйындарда ата-энелерди коркутуп, балдарын милиция бөлүмүнө алып барып, тыюуну бузгандыгы үчүн айып пул салынарын эскертип келишет.

Эске салсак, буга чейин Түркмөнстанда айымдарга ботокс, беттеги бырыштарды тегиздөө, кирпик өстүрүү, эриндерин чоңойтуу, жасалма тырмак өстүрүү процедураларына тыюу салынып жатканы жазылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button