Коом

УКМК: Сүлүктү шаарына барган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын депутаттары жарыялаган видео тууралуу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Сүлүктү шаарындагы «Кольцо» транспорттук көзөмөл постуна барганы тууралуу социалдык тармактарга жарыяланган видеого таянып, төмөнкүлөрдү билдирди.

Аткезчиликке жана товарларды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүүнүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин ичинен компетенттүү органдардын өкүлдөрү кызмат өтөйт.

Бул постко барган учурда айдоочулардан ушул пост аркылуу өткөнү үчүн акча талап кылынып жаткандыгы боюнча арыздар түшкөн. Бул пост мыйзамсыз иштеп жатат деген айдоочулардан да арыздар түшкөн.

КР УКМК бул пост КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомуна ылайык коюлганын билдирет. Мындай посттор Баткен районунун башка жолдорунда да орнотулган.

Эгерде посттун кызматкерлеринен пайда көрүү максатында акча талап кылынса, анда жарандар КР УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнө же Баткен облустук башкармалыгына, андан тышкары жарандар прокуратура органдарына арыз менен кайрылса болот, , бирок  буга тиешелүү андай кайрылуулар, арыз түшкөн эмес. Посттун кызматкерлери кызматтык күбөлүгү жок иштегени да далилденген эмес.

Андан соң Кулунду айылынын маданият үйүндө Баткен районунун акими, Баткен районунун бийлик блогунун жетекчилиги жана Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттарынын эл менен жолугушуусу болуп өттү. Лейлек районунун ылдыйкы зонасында 250дөн ашык адам бул маселе   боюнча кайрадан карап чыкты.

Бирок бул жыйында Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары жана жергиликтүү тургундар эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок.

Ведомство белгилегендей, жарандардын бири аталган посттун кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген видеодо бул КР мыйзамын одоно бузгандардын бири 1982-жылы туулган Т.А.  болгон.

Мекеменин маалыматында бул жаран Тажикстанга биздин продукцияларды активдүү сатууда, анын натыйжасында ушундай адамдардын айынан ички рынокто азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатканы байкалууда.

КР УКМК кызматкери КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровго өзүн тааныштырбаганы, бул кызматкер оперативдүү деңгээлдеги кызматкер экенин түшүндүрөбүз, андан тышкары, А.Мадумаров анын түздөн-түз жетекчиси эмес.

Аталган мекеме КР УКМКнын кызматкерлери нөөмөттө тургандыктан, эч жакка качпастан, жөн гана маалыматтарын ачыкка чыгарбоо үчүн четтеп кетишкенин баса белгилейт.

КР УКМК Кыргызстандын жарандарын мындай билдирүүлөр менен коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырат. Аппарат мындай кайрылуулар жана арыздар колдонууда мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button