Окуялар

Жеңил унаа менен крандын катышуусундагы жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгында эки адам жаракат алды. Милициянын кайгуул кызматынан белгилешкендей, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.

Маалым болгондой, 20-майда болжол менен саат 00:40 чамасында 25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу Масалиев көчөсү менен бара жатып Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан БМВ 530 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унааны 24 жаштагы Б.М. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Кырсыктын кесепетинен БМВ 530 унаасындагы 2 жаран жабыркаган.

Учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button