УКМК тарабынан жалпы салмагы 8 кг 350 гр болгон баңги заты – апийим чийки заты кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө «Таджикистан-Кыргызстан-Казахстан-Россия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү  баңги заттары – апийим чийки затын ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, анын ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 25-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр. болгон баңги заты – апийим чийки заты кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүрүп жатат, -деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.