Бул өзгөчө терс көрүнүш! Ысык-Көлдөгү тоонун этегинен стихиялуу таштанды жайы аныкталды

Ысык-Көл районунун Корумду айылынын аймагынан, облустун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан, 0,4 гектарга жакын аянтты ээлеген стихиялуу таштандылар жайын аныкташты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факты, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо учурларын аныктоо, алардын айлана-чөйрөгө экологиялык кооптуулугунун деңгээлин баалоо жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү учурунда аныкталган.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул терс көрүнүш, өзгөчө кооптондурат. Анткени, таштандылар тоонун этегинде орун алган. Бул жерде эмне гана жок: курулуш таштандылары, эски эмеректер, пластик, желим баштыктар жана башка ар кандай тиричилик таштандылары. Эң негизгиси, мындай стихиялуу таштанды төгүлүүчү жайдын орун алышы, жергиликтүү тургундар тарабынан көзөмөлсүз таштандыларды таштагандан келип чыгууда.

Милиция кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечим кабыл алуу үчүн жиберилди.

Стихиялуу таштанды төгүүчү жайлар – жаратылыш компоненттерине өзүнүн терс таасирин тийгизе турган фактору болуп эсептелерин, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы эскертет. Ушундан улам, жарандардан аймактын кайталангыс жаратылышына аяр мамиле жасап, жарандык милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылууну өтүнүшөт.