Коом

Ысык-Көлдө солярканы уурдап сатып жүргөн жаран кармалды — ФОТО

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан, уурдоо кылмышнын изин суутпай аныктоого жетишти, бул тууралуу, аталган мекеменин басма-сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 29-май күнү, болжол менен түнкү саат 02.30 чамаларында, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн «Сары-Мойнок» тилкесинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан. Ошол мезгилде, алардын көңүлүн, түн ичинде бара жаткан «Ауди С4» автоунаасы бурган. Автоунааны токтотуп, текшерген учурда, анын ичинен канистраларга куюлган 300 литр солярка күйүүчү майы  табылган.

Милиция кызматкерлерине буга чейин, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын айрым кызматкерлери, ишканадан күйүчү майларды уурдашып, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатышкандыгы жөнүндө маалымат түшкөндүктөн, алар автоунаанын айдоочусун жана жүргүнчүсүн, Барскоон айылынын тургундарын 23 жаштагы У.Чны. жана 32 жаштагы Ш.Сны, сураштыра башташат. Алардын айтымында, солярка күйүүчү майын, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасында жол түздөө атайын техникасында иштеген кызмкаткеринен сатып алышкандарын билдирген.     

Андан кийинки жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында, солярка күйүүчү майын саткан жарандын өздүгү аныкталган. Ал, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасы менен келишимдин негизинде иштеп жаткан “Тарылга Сервис” подряттык жеке уюмунун кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы тургуну А.Н. болуп чыкты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Аталган факт, Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда, тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button