Дүйнө
Түркия өлкөгө кирүү үчүн ПЦР-тестти жокко чыгарды

1-июндан баштап Түркияга кирүүдө ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү зарылчылыгы жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты. Бир күн мурун өлкөдө ооруканаларды кошпогондо, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу жоюлган.
Министрлик мындай чечимди коронавирус боюнча учурдагы кырдаалга баа бергенден кийин кабыл алды. Эске салсак, Кыргызстанда 2022-жылдын 1-майынан тарта терс ПЦР-тест тапшыруу талабы жокко чыгарылган.



