Бишкекте жол кырсыгына кабылган унаа оодарылып, 1 адам жабыркады

Бишкекте жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам жабыркады. Кырсык 1-июнда кечинде орун алганын Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде Хонда Цивик жана Тойота Королла унаалары сүзүшкөн. Анда Тойота унаасы оодарылып, айдоочусу жаракат алды. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, унаалар айып короосуна токтотулду.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.