Дүйнө

120 салмактагы келин кичинекей кызы үчүн 60 килограмм салмагын таштаган. ФОТО

Толук адам арыктоо үчүн чоң мотивация керек дешет. Улуу Британиянын тургуну, 120 килограмм салмактагы Шелли Таунсенд кичинекей кызын колуна алып ойното албай калганда арыктоону чечип, жарым салмагын таштаган.

38 жаштагы Шелли ата-энесинен бөлүнүп, өз алдынча жашаганда семирип баштаган. Кээде диетага отуруп, чыдабай кайра жеп алып, ого бетер салмак кошуп, акыры салмагы 120 килограммга жеткен.

Шеллинин жашоосу кызы төрөлгөндөн кийин толугу менен өзгөргөн. Ашыкча салмагына байланыштуу ал кызын колуна көтөрө албасын, аны менен каалашынча ойной албасын билип арыктоо чечимине келген. Ал Түркиядан ашказанын кичирейтүү үчүн операция жасатып, операциядан 9 ай өткөндө 60 килограмм салмагынан арылган. «Мен үй-бүлөм үчүн өзгөрдүм. Кызыма татыктуу эне болгум келет. Операция жасаса эле арыктап калат деген ой адашкандык. Операция чоң жолдун башаты. Андан ары аны кандай алып кетесиң, адамдын өзүнөн көз каранды»,-  деген Шелли.

Эми мындан ары анчалык көп салмак кошпой турганын, ал үчүн аракет жасаарын билдирген Шелли.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button