Окуялар

Баткенде 17 жаштагы жигит велосипед уурдап кармалды

Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну өзүнүн короосуна токтотуп койгон базар баасы 5000сомдук волосипедин белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрө баштайт. 

Коомдук тартипти сактоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында патрулда жүргөн Баткен ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери милициянын старшинасы Рустам Сафаров тарабынан Раззаков шаарынын 17жаштагы жараны велосипедди бекитип койгон жеринен аныкталып кармалган.

Уурдалган велосипед өз ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button