Окуялар
Ысык-Көлдө жеңил унаа бакты сүзүп, бир адам жабыркады
Ысык-Көлдө жеңил унаа бакты сүзүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 14-чакырымында «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен К.Б. аттуу эркек киши жабыркаган.
Жерине 3 куткаруучу тартылган. Бирок, куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабырлануучуну Балыкчы шаардык ооруканасына алып кетишкен.