Коом

Кой-Ташта Lexus бакты сүзүп, айдап бараткан 19 жаштагы кыз көз жумду

Чүйдүн Кой-Таш айылында 19 жаштагы айдоочу кыз автоунаасын башкара албай бакты сүзүп, көз жумду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 15-июнь күнү болжол менен саат 18:00дө Бишкек — Кой-Таш жолунда кырсык болду деген маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн районуна караштуу ыкчам иликтөө тобу барган.

«Анда Lexus RX330 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң жак бетиндеги даракты сүзгөнү аныкталган. Мунун кесепетинен 19 жаштагы А.А.Д. аттуу айдоочу кыз көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 22 жаштагы Т.Э.Т. аттуу жүргүнчү Аламүдүн районунун аймактык ооруканасына жаткырылганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button