Саясат

Адам өлүмүнөн саясат жасаган Равшан Жээнбековдун көздөгөнү эмне?

 «Айыл Банктын» мурдагы төрага орун басары Бакыт Асанбаевдин СИЗОдо асынып алып, көз жумуусу саясий абалды чыңалтып, элди дүрбөтүүгө, коомчулукка будуң-чаң салууга  шылтоо таппай тургандардын чырактарына май тамызды. Аз күн мурда саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү үчүн УКМКны күнөөлөп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, «тергөөңө да, камооңо да даярмын» деп, өзүнө коомчулуктун көңүлүн бура албай убара болуп аткан Равшан Жээнбековго кудай берди. Бакыт Асанбаевдин өлүмү үчүн да УКМКны, анын төрагасын айыптоого өттү.

Равшан Жээнбековдун айткан, дегендерин угуп отурсаң, УКМК бүгүнкү күндө оппозицияны гана куугунтуктап, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген «монстр» органга айланган болуп калат. Бул эми албетте, Равшан мырзанын «колго келген коёнду, коё берген оңобу» дегендей, кырдаалдан максималдуу пайдаланып, УКМКны, анын төрагасын, өлкө башчыны эл алдында болушунча жаманатты кылуу, мокочо көрсөтүү аракети экени түшүнүктүү. Адам укуктарына, адам өлүмдөрүнө анчалык күйүп-жанат экен, эмнеге абактарда, тергөө жайларында орун алган башка ондогон  өлүмдөр тууралуу ооз ачканга жарабайт? Качан коомчулукта резонанстуу иштер болгондо, шакылдаган сагызгандай пайда болуп, акыл үйрөтүп, тилинин чаңын чыгарып сүйлөп калат. Марат Казакпаевдин  өлүмүнө УКМКнын күнөөсү жоктугуна документалдык, фактылык далилдер келтирилгенине карабай, ага УКМКны айыптап, Бакыт Асанбаевди өлүмү боюнча алдын ала бир тараптуу бүтүм чыгарып жаткандыгы Равшан мырзанын чыныгы максатын гана айгинелейт. Оппозициялык жээкте жүргөндөн чарчаганбы, айтор акыркы учурларда калыстыктан тайып, популизмге, демагогияга  алдырып баратат.

Анын УКМКнын ишин сынга алып, авторитардык өлкөлөрдөгүдөй болуп калды дегени «суу кечпеген» кеп. Эгерде андай болсо  Равшан мырза өзү УКМКны сындап, адам өлүмдөрүнө айыптап, оозуна келгенди сүйлөй алат беле? УКМК төрагасы элге, коомчулукка ачык болуп, биз каалаган суроолорго жоопторду ала алат белек? Мындай демократиялык өлкөлөрдө гана мүмкүн. Авторитардык өлкөлөрдө коопсуздук кызматынын башчысын эч ким билбейт, көрбөйт, анын ишмердигин каалагандай сындап, боктой албайт. Равшан мырза  өзүнүн саясий дымагына, максатына жетүү, Батыштагы каржылагычтарына жагынуу үчүн оозуна келгенди оттоп, элдин башын айландырганын качан токтотот?

Батыштагы каржылагычтары деп бекеринен айткан жокпуз. Өзү миң ирет танып, карганбасын, Кыргызстандагы Батыштын пайдасына шпиончулук   кылып, маалымат берип,  алардын «заказдарын» аткарып, ал үчүн аз эмес акчаларды алып тургандардын башында Равшан мырза турат. Кыска айтканда, Равшан Жээнбеков АКШ, Батыштын Кыргызстандагы агенти. М. Казакпаев менен Б. Асанбаевдин өлүмдөрүн бетке кармап, маселеге саясий түс берүүгө жандалбас кылып  жатканынын себеби бар. Анткени, адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүп, Батыштан жашылбайларды алса болот. Батыштагы каржылагычтар  адам укуктарына артыкчылык беришет эмеспи.

Кыргызда «айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат» деген сөз бар. А бирок Равшан мырзанын айдаган «беш эчкиси» да жок, бирок болбой эле социалдык тармактар аркылуу «ышкырып», элдин, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурууга, саясий абалга «жан» киргизүүгө болушунча аракет кылууда.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин иш-аракеттерин сынга алгандан мурда күзгүгө жакшылап каранып койсо ашыкча болбойт эле. Равшан Жээнбеков Мадумаровго окшоп, тили эле быдылдап, акыл үйрөткөнү болбосо, Кыргызстан, кыргыз эли үчүн эч нерсе кыла элек. Тескерисинче, өлкөнүн ондогон мүлктөрүн, байлыктарын  итбекер сатып, менчиктеп,  талап-тоноп байыган, капчыгын кампайткан адам.  Анан ушундай адамдын өзүн акыйкаттыктын, тазалыктын үлгүсүндөй көрсөтүп, жалпы элге  акыл айтып, сындаганы кыжырды гана келтирет…

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button