Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатынан дагы 4 медаль утту. Экинчи күн

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан (U17) алтын, дагы экөө коло медаль утту.

Мелдештин экинчи күнүндө өспүрүмдөр арасында (U17) грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча медалдардын сегиз комплекти ойнотулду. Кыргызстан бардык салмак категориясы боюнча катышты.

20-июнда байге алгандар:

Кутман Темирбеков — биринчи орун, 65 килограммга чейинки салмакта;

Жоомарт Аралов — үчүнчү орун, 71 килограммга чейинки салмакта;

Асан Жанышов — биринчи орун, 80 килограммга чейинки салмакта;

Жаркынай Нурлан кызы — үчүнчү орун, 61 килограммга чейинки салмакта.

Учурда Кыргызстандын куржунунда төрт алтын, бир күмүш, үч коло бар. Жалпысынан 21 өлкөнүн балбандары күч сынашууда.

Жаштар (U23) жана өспүрүмдөр (U17) арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. Беттештер күн сайын саат 10:30да башталып, 18:00дө финалдык таймаштар болот. Чемпионат “Бишкек-Арена” муз аянтчасында өтүүдө.