Коом

Ысык-Көлдө ар түрдүү диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө

Бүгүн, 23-июнда 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар Планын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Каракол шаарында аймактык Конфессиялар аралык кеңешти түзүү үчүн Ысык-Көл облусунун ар түрдүү диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүдө.

Иш-чаранын максаты — диндер аралык диалогду бекемдөө жана ар кандай диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү алга жылдыруу болуп саналат. Ошондой эле, иш-чаранын программасында топтук иштерди жүргүзүү, диний маселелер боюнча презентацияларды жана сунуштарды көрсөтүү каралган.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.

2018-жылы Бишкек шаарында Кыргызстандын республикалык Конфессиялар аралык кеңеши ар түрдүү диндердин ортосундагы кызматташтыкты жогорулатуу максатында түзүлгөн. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн башка облустарында өткөрүү пландаштырылган, — деп айтылат мекеменин билдирген маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button