Ош шаары Ташкент шаары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Бүгүн, 23-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Ташкент шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашты.

Алмаз Мамбетов жылуу маанайдагы кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү, бизнес форумдарды жана туристтик көргөзмөлөрдү уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биринчи долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун кредити жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферттин эсебинен 50 жаңы, көп функционалдуу, 16 орундуу ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү автобустарды алуу бекитилди”, – деп белгиледи А.Мамбетов.

Жахонгир Артикходжаев өз сөзүндө шаардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү үчүн шаардык кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташтыкта ​​жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ошондой эле Ташкенттин башчысы биргелешкен ишканаларды ачуу, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруу, лифт жабдууларын жеткирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев катышып, эки боордош республиканын элинин ортосундагы эки тараптуу мамилелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар санариптештирүү боюнча Ташкент шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылып жаткан инновациялык чечимдерди кабыл алуу, тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу ниетин билдиришти.

Андан соң Ташкент шаарынын акими Ош шаарынын делегациясын Ташкент шаарынын санариптик башкаруу боюнча кырдаалдык борборунун иши менен тааныштырды.