U-23 Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын жеңип алды

Айпери Медет кызы Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта монголиялык Сарнай Баярбаатар менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз кызы биринчи бөлүктө монголиялык спортчунун белине өтүп, алгачкы упайды топтоду. Экинчи бөлүктө балбандар ири упай ала алган жок, эсеп 3:1 болуп, Айпери жеңишти камсыздады.

Медет кызы алдыда индиялык Бипаша, өзбекстандык Озода Зарипбоева жана казакстандык Инкара Жанатаева менен күрөшөт.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.