Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы 618 ары-даттанууларды кабыл алган

Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаасы менен милициянын участкалык инспекторлору, балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү бийлик өкүлдөрү  менен биргеликте айыл аралашып, элдин көйгөйлөрүн жана арыз-доолорун угушуп, ошону менен катар ысырапкерчиликти болтурбоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кокустуктардын, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Мына ушул багыттагы иштер облустун Жалал-Абад,  Кара-Көл  Таш-Көмүр шаарларынын аймагында, Тогуз-Торо районунун Арал, Кара-Суу айылындарында, Ала-Бука районунун Ак-Там, Ак-Коргон жана Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жүргүзүлүп,   ошондой эле айрыкча жаш өспүрүмдөргө агын суулардын, көлмөлөрдүн, суу каналдардын кооптуу болгон жерлеринде сууга түшүүгө мүмкүн эместиги, бүтүрүү кечелеринде тоо койнунда эс алууга тыюу салынгандыгы байма-бай эскертилип келинүүдө.

Бүгүнкү күндө, Жалал-Абад облусу боюнча 11 милициянын көчмө кабылдама унаасы бар, 5 айдын жыйынтыгы менен алар аймактарга 440 жолу чыгышып, 643 атуулду кабыл алышкан. Алардан 618 арыз жана кайрылуулар кабыл алынып,  443 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеңеш берилип чечилген жана 134 коопсуздук менен байланышкан арыз каралып, калгандары тиешелүү кызматтарга  жиберилилди, – деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.