Ошто жүк ташуучу унаа басып калып, эки аял, үч кичинекей кыз, бир ымыркай көз жумду

Ошто оодарылган жүк ташуучу автоунаа алты адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсыктан алгач үч адам каза болгону, кийинчерээк үч эмес, төрт адам экени кабарланган.

“Оодарылган автоунааны кран менен көтөргөндөн кийин эки аял, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай каза болгондугу аныкталды”, — деди ӨКМ.

Кырсык Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө болгон. Көмүр жүктөп бара жаткан HOWO жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Алар каза болгондордун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.