Спорт

Ысык-Көлдө спорттун 30 түрүн камтыган эл аралык мелдеш өтүп жатат

Ысык-Көлдө «Кыргызстандын бермети» VI эл аралык фестиваль өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Мелдештер Чоң-Сары-Ой айылында уюштурулуп, 15 мамлекеттен келген 20 миңге чукул спортчу катышууда. Алар спорттун 30 түрү боюнча күч сынашат. Фестиваль 15-июнда башталган, 3-июлда аяктайт.

Спорттун төмөнкү түрлөрү камтылган:

Көркөм гимнастика;

UWW грепплинг;

кичи футбол;

дзюдо;

алыш күрөш;

армрестлинг;

эркин жана грек-рим күрөшү;

спорттук самбо;

пауэрлифтинг;

ушу саньда;

бирман боксу;

ордо;

казак күрөшү;

пенчак силат;

кикбоксинг;

10 чакырым чуркоо марафону;

кармаш күрөшү;

таэквондо ITF;

GAMMA MMA жана STRIKING;

жаа атуу;

таэквондо ГТФ, NOMAD MMA;

мас-рестлинг жана пляж волейболу.

«Кыргызстандын бермети» эл аралык фестивалы туризмди өнүктүрүүгө, улуттук маданиятты, каада-салтты жайылтууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button