УКМК: Контрабандалык товарларды ташыган жер алдындагы туннель табылды – ВИДЕО

УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 24-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды.

Туннель Өзбекстан Республикасы менен жектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө, бул туннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган.

Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган “У.С.И.” экени аныкталды. Бул тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.