“Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары Британиянын биология боюнча олимпиадасында жеңишке жетишти

“Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары Британиянын биология боюнча (Intermediate Biology Olympiad) олимпиадасында 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

2022-жылдын 8-июнунда Британиянын биология боюнча олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү. Аталган олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700 мектептен 27 000 ден ашык окуучу катышты. Бул олимпиадага Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары да катышты.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерди көрсөтүштү:

1. Данияр Гаипов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-кл. – алтын медаль. Мугалими – Эльбрус Тажибаев.

2. Нурислам Абдисаматов, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 10-кл. – күмүш медаль. Мугалими – Кубанычбек Ракманов.

3. Сагындык Курманбеков, Ош «Сема» лицейи, 11-кл. – коло медаль. Мугалими – Бактынур Ажыбаев.

4. Рахман Марат уулу, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 10-кл. – коло медаль. Мугалими – Даян Мелисов.