Без рубрики

«Чыгыш электрдин» жетекчилиги 20 миллиондон ашык каражатты мыйзамсыз сарпташкан

Ысык-Көл облуктук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунда олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө акционердик коомдун кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору ѳлчѳмдѳ жана коомдун кѳрсѳткүчтѳрү чыгашалуу болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек маянадан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылына карата бекитилген суммадан ашыкча 13 миллион 601 миң 700 сом мыйзамсыз берилип кеткендиги тастыкталган.

Ошондой эле, негизги акционер болгон мамлекеттин кызыкчылыгы четке кагылып, коомдун бекитилген эмгек акы фондунда үнѳмдѳлгѳн акча каражаты жок болгондугуна карабастан, “Чыгыш электр” коомунун жетекчилигинин буйругу менен Эгемендүүлүк майрамына карата 6 миллион 890 миң сом дагы мыйзамсыз төлөнгөн.

Жыйынтыгында, аталган коомдун кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке 20 миллион 491 миң 700 сомдук ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Ысык-Кѳл облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button