Спорт

Футбол боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын кыз-келиндери 3-орунду алышты

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы Борбор Азия мамлекеттеринин футбол ассоциацияларынын CAFA Women»s Championship турниринде 3-орунду алды.

Кыргыз футбол союзу маалымдагандай, байгелүү орундардын жыйынтыгы мелдештин акыркы күнүндө чечилген.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Өзбекстандын курама командасы алса, күмүш медаль Иранга ыйгарылган. Ал эми кыргызстандык кыз-келиндер Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип, 3-орунга ээ болгон.

Төртүнчү орун Түркмөнстанга буюрса, Тажикстан бешинчи орунду алды. Иран курама командасына мелдештин Fair play сыйлыгы, Түркмөнстан командасына Special Award сыйлыгы тапшырылганы айтылды.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button