Ак Үйгө жакын жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды унаа сүзүп кетти

Бишкек шаарындагы Ак Үйгө жакын жайгашкан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу видео “Короче” телеграм каналына жарыяланды.

Кырсык боюнча Милициянын кайгуул кызматына байланышканбызда, учурда жерине “Тез жардам” кызматы келгенин билдирди.

“Саат 12:15 чамасында Гетц үлгүсүндөгү унаа Чүй кең көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып, Панфилов көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп жаткан кызды (болжолдуу 20 жаштарда) сүзүп алган. Азыркы учурда “Тез жардам” унаасы келди. Жеринде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда”, – дешти кайгуул кызматынан.