Франциялык туристтер Ара-Белде автоунаасы менен тыгылып калышкан. Аларга милиция жардам берди – ВИДЕО

29-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ара-Бел сырт өрөөнүндө кайгуул кызматын жүргүзүп жатып, жолдон чыгып, сууга тыгылып калган жол тандабас автоунааны көрүшкөн. Автоунаада Франциядан келген жубайлар Абдулла менен Фатима болгон. 

Туристтердин айтымында, алар жол тандабас автоунаа менен Ысык-Көл облусунда саякаттап жүрүшкөн. Бул сапар, алар Ара-Бел сырт өрөөнүн көргөнү келишкен. Алар суу аркылуу тоого жакыныраак барууга аракет кылышканда, автоунаасы тыгылып калган. Бул жерде дээрлик 6 саат туруп, тоңуй башташкан. Ошол учурда милициянын патрулдук автоунаасын көргөндө жардамга чакыра башташкан.

Милиция кызматкерлери туристтерге жардам беришип, аларды жолдун коопсуз бөлүгүнө чейин узатып коюшкан. Туристтерге ак жол каалап, милиция кызматкерлери бийик тоолуу аймактарда кайгуул иштерин улантышты.