Коом

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБ тарабынан 5 автомектептерге айып салынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын турмушка ашыруу максатында, Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын комиссиясы тарабынан айдоочуларды даярдоо, же кайра даярдоо билим мекемелердин лицензиялык талаптарга дал келүү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жол коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча облустун аймагында 21 автомектептер өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт, анын ичинен 14 жоопкерчилиги чектелген коомдор, 7 кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайынын базаларында болуп саналат. Текшерүүнүн жүрүшүндө 26 көрсөтмө берилип, ал эми 5 автомектепке Укук бузуулар жөнүндө кодексинин  284-беренесинин 2-бөлүгүнө (Лицензиялоонун талаптарын бузуу) ылайык айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 85 миң сомду түздү.

Эске салсак, лицензия айдоочулук мектептерге чексиз мөөнөткө берилет. Эгерде лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса (үч айдын ичинде аныкталган кемчиликтер жоюлбаган учурда), лицензиялар кайра чакыртылышы мүмкүн.

Лицензияны жокко чыгарууга атайын педалдар менен жабдылган унаанын жоктугу себеп да болушу мүмкүн. Ошондой эле, автомектепте атайын плакаттар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кушеткалар, жетиштүү педагогикалык кадрлар жана сабактар үчүн керектүү аянтчалар болушу керек.

 

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button