Окуялар

УКМК: Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында,  У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button