Ысык-Көлдөгү абактар алма, картошка, буудай жана арпа эгип, букаларды семиртип, жакында балык багууну колго алышат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү уланууда. Жакында муну жаңы мисалдар тастыктады.

ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары Расмия Казимова баштаган биргелешкен делегация Ысык-Көл облусунун Кара-Жал, Ананьево жана Качыбек айылдарына жакын жайгашкан №44  жана №51 мекемелердин өндүрүштүк аянтчаларынын салтанаттуу ачылышына катышты. Биздин эл аралык өнөктөштөрүбүз жабдууга жардам берген.

Тактап айтканда, Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагы Ак-Суу районунан 6,5 гектар жерде чарбалык-өндүрүштүк иш алып барат. Бул жерде 300дөн ашык бак-дарактардын бакчасы мөмө берет. Ошондой эле ЕККУ соттолгондор жашап жана иштей турган жакшы жабдылган имаратты курууга жардам берди. Жалпысынан 2022-жылы 3 тонна «Лимонка» алмасынын түшүмүн алуу пландалып, анын 1 кг 15 сомдон сатып, 45 000 сом киреше түшүүсү күтүлүүдө. Келерки жылы дагы «Отлица» сортундагы 100 түп, «Капитан» сортундагы карагаттын 100 түп көчөтү отургузулат.

Мындан тышкары ал жерде балык өстүрүүгө абдан ылайыктуу көлмөгө жайгашкан. Ошондой эле чарбалык курулуштар үчүн аянттар да бар.

№ 44 жатак абагынын  көмөкчү чарбасынын балансында (75 гектар) айдоо аянты бар. Бул жерде алмадан тышкары буудай, арпа, беде өстүрүлөт. 2022-жылы өсүмдүк өстүрүүдөн пландалган жалпы киреше 1 млн 889,9 миң сомду түзөт.

№44 мекеме жыл сайын 120 тоннадан 170 тоннага чейин картошканы Чүй облусундагы ЖАКнын жабык мекемелерине керктөөсүн жаап келет. Калганы соттолгондордун тамак-ашына жана бир бөлүгүн үрөн фонду катары калтырышат.

Беде менен арпанын бир бөлүгү базар баасында сатылса, калганы малды бордоп семиртүүгө кетет.Жалпысынан алардын чарбасында 32 бука жана уй бар.