Саясат

Жетим-Тоо азыр казылбайт, элдин башын айлантпагыла! Жапаров кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.

Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбайт.

“Бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан Кыргыз геология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет”, — деди Жапаров.

Ошондой эле президент кээ бир жарандар Жетим-Тоону пайдаланып элди дүрбөтүп жатат деген пикирин билдирди.

“Анан эле өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, «Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз» деп кыйкырып чыккандарды кантейин? Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип жатат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула! Айтпаса адамдын жанын кашайтасыңар. Ошол эле «Кумтөр» кетип жатканда, силер бийликте болчусуңар. Болгондо да бийликтин эң чоң бутагы, мамлекеттин коопсуздугуна жооп берчү бийликтин башында отургансыңар. «Кумтөрдү» кайра алмак түгүл, бир доллар айып пул төлөтө алган эмессиңер”, — деп кайрылды мамлекет башчы.

Аны менен катар эгер Жетим-Тоо иштетилсе, эмгек акылар дагы да көбөйүп, Нарын облусунда жашаган элдин турмушу оңолуп, инфраструктурасы жакшырып, айылдарынын ичине чейин асфальт төшөлөрүн белгиледи.

“Дагы бир жолу кайталап коёюн Жетим-Тоону иштетебизби же жокпу азырынча чечим кабыл алына элек. Эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл «жок» десе, анда жок. Бирок бир нерсени унутпагыла “мени «суф» деп байытып, турмушумду оңдоп жибер” деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Бир нерсе кылайын десек эле “муну-тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз” деп чыгышат. Туризмди өнүктүрөйүн десең “баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле” деп чыгышат. Деги биздин элге “эмне жагат?” деген суроо бергиң келет”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал укук коргоо органдарын “арам ою бар жасалма патриоттор” менен калпычыларды тартипке чакырууну тапшырды.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button