Бүгүн Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 13-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күрөшөт. Ал мелдештин 1/8 финалында кытайлык Жуан Ванг менен литвалык Камиле Гаучайтенин жеңүүчүсү менен кармашат. Чемпионаттын тандоо туру Бишкек убактысы менен саат 14:30да башталат.

Мындан сыртары, бүгүн Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн, Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн килемге чыгат. Алардын кармашуусу Бишкек убактысы менен саат 22:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.