Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда медаль үчүн күрөштөн четтеп калды

Айпери Медет кызы Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда өз оюнун жыйынтыктады. Кыргызстандык кыз 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан старт алды.

Турнирдеги биринчи беттешинде Медет кызы кытайлык спортчу менен беттешип, 1:7 эсебинде жеңилип калган. 1/4 финалда Кытайдан келген спортчу Эквадордун өкүлүнө утулуп, Медет кызын коло үчүн жубатуучу турнирге чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.