Саясат

Кыргызстан менен Россиянын бийлик өкүлдөрү миграция маселесин макулдашты

Кыргызстан менен Россиянын бийлик өкүлдөрү миграция жаатындагы маселелер боюнча макулдашты.

Учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москвада иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында Россиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Александар Котяков, Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Михаил Иванков жана башка жооптуу адамдар менен жолугушкан.

Анда төмөндөгүдөй маселелерди талкуулашты:

Кыргызстандын жарандарын РФте уюшкандыкта жана коопсуз ишке орноштуруу системасын түзүү;

Россиянын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мигранттардын эмгек укуктарын коргоо;

эки өлкөнүн эмгек чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз иштешүүсүн уюштуруу.

Натыйжада КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен РФтин Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматынын ортосундагы эмгек миграциясы тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кыска мөөнөттө кол коюу маселесин кароого макулдашышты.

Бул келишим мамлекеттик органдарга тыгыз иштешүүгө жана кыргыз жарандарын Россияда коопсуз жана мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button