Окуялар

Сөөгү да күлү да жок. Танк менен кошо жардырылганы айтылган Жаныбай уулу Тилек дайынсыз болуп жатат

Тажикстандын кол салуусунан 26 жаштагы Жаныбай уулу Тилектин каза болгонун жакындары 16-сентябрда угушкан. Бирок ушул убакка чейин анын дайыны жок. Танк менен жардырылды деген маалымат тараган, бирок сөөгү да, күлү да келген эмес. Бул тууралуу  анын жакындары билдиришти.

«Жаныбай уулу Тилек 1996-жылы Талас шаарынын Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында төрөлгөн. 9 жылдан бери Баткен шаарында чек арада кызмат өтөп келген. 2021-жылы танк жарышта биринчиликти багындырып, байрагыбызды желбиреткен. 20-сентябрда үйлөнмөк. 5 бир туугандын кичүүсү. Атасы былтыр каза болуп калган. Апасына аябай оор болду. Жакындары тирүү деп күтүп жатабыз»,- деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button