Мамлекетке 2 миллион сом төлөйт. Туйгунаалы Абдраимовго сот өкүмү чыкты

Чүй облусунун мурдагы губернатору, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго сот өкүмү чыккан.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, ага 2 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Туйгунаалы Абдраимов 30-апрелде УКМК тарабынан өкмөттүн БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, кармалган. Кийин үй камагына чыгарылган.