Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Коргонуу өнөр жай агенттигинин жетекчиси менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстанда коргонуу жаатында кыргыз-түрк ишканасын ачуу каралды.
Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 19-сентябрда Коргонуу өнөр жайы агенттигинин жетекчиси Исмаил Демир менен жолуккан.
“Жолугушуу учурунда коргонуу тармагындагы эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде Кыргызстандын аймагында кыргыз-түрк ишканасын ачуу талкууланды”, — деп айтылган маалыматта.