Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

Буга чейин ал коңшу мамлекетте мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлө турганын айтып, президенттик мөөнөттү карап чыгуу керек деген жыйынтыкка келгенин кошумчалаган.

Эске салсак, Токаев Казакстандын башчылыгына 2019-жылы март айында ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев өз эрки менен кызматтан кеткенден кийин келген.